Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № ПЖ-412 “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 701 токтому менен “2023–2027-жылдарга карата “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программасы” бекитилген. Белгиленген мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн талап кылынган каражаттардын көлөмү 2023-2027-жылдарга 584074,6 миң сомду түзөт, анын ичинен 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин бюджетинин чегинде, 2024-жылга - 156935,6 миң сом, 2025-жылга - 131116,5 миң сом, 2026-жылга - 193154,2 миң сом, 2027-жылга - 102868,3 миң сом каралган. Мамлекеттик программанын Иш-чаралар планы 15 пункттардан турат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттери тууралуу “Эстеликтер” (estelikter.kg) аталышындагы программалык камсыздоону иштеп чыгуу камтылган.