| Идентификациялык код | 123-123-12432 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Талас |
| Район/шаар | Талас району |
| Айыл | Кен-Кол айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 42,67 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Комплекс бири-биринен белгилүү аралыкта жайгашкан 5 объекттер тобунан турат. Ар бир топтун айланасында алдын ала коргоо зонасы белгиленген. Коргоо зонасынын жалпы аянты 42,67 гектарды түзүп, крайкы объекттерден 60–100 метр радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып бекитилгенге чейин же кургандарды «жок кылууга чейин» толук изилдөө жана петроглифти көчүрүү иштери жүргүзүлгөнгө чейин, комплекстин коргоо зонасында кандай болбосун жер казуу иштерин жүргүзүүгө тыюу салынууга тийиш. |
| Техникалык абалы | Комплекс жайыт жерлеринде жайгашкан. Айрым кургандарда байыркы замандарда жүргүзүлгөн талап-тоноо казууларынын издери бар. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Долоно археологиялык комплекси ар кыл доорлорго таандык кургандардан, конуштардан жана петроглифтен турат. Комплекстин бүткүл аймагына чачырап жайгашкан болжол менен 55 курган катталган. Алардын көпчүлүгү түндүк–түштүк багыты боюнча созулган чынжыр сымал тизилмелерди түзөт. Кургандардын үймөлөрү негизинен таш-топурактан туруп, планда көбүнчө тегерекче формада болуп, диаметри 2–25 метрге жетет. Айрым үймөлөрдүн негизинде таш шакек байкалат. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |