| Идентификациялык код | 123-123-12442 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Талас |
| Район/шаар | Талас району |
| Айыл | Кен-Кол айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 225 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Кен-Кол көрүстөнү «Манас-Ордо» улуттук тарыхый-маданий комплексинин аймагында жайгашкан. Аянты 225 гектарды түзгөн жер тилкесин мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт бар. |
| Техникалык абалы | Комплекс «Манас-Ордо» улуттук тарыхый-маданий комплексинин аймагындагы жер тилкесинде жайгашкан. Кургандардын басымдуу бөлүгү изилденген. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Кен-Кол көрүстөнү болжол менен 100гө жакын кургандан турат. Алардын жайгашуусунда жалпы жана так система жок. Кургандар түндүктөн түштүккө карай 500–700 метр аралыкта бир нече топ болуп чачырап жайгашкан. Кургандардын үймөгү топурактан жана таш-топурактан туруп, планда жарым тегерек формада, үстү жалпак болуп, диаметри 4 метрден 16 метрге чейин жетет. Көрүстөндөгү 100 кургандын жарымынан көбү казылып изилденген.Изилденген кургандардын басымдуу бөлүгү эки конструктивдүү бөлүктөн турган катакомбалар болгон: дромос (коридор) жана күмбөз сымал көмүү камерасы. Көмүү камерасынын узун огу, эреже катары, коридорго тик абалда жайгашкан. Көмүү жүргүзүлгөндөн кийин камерага кире бериш таштар, чийки кыштар жана жыгач тактайлар менен жабылган. Көмүүлөрдүн ичинен жалгыз, жуп жана топтук көмүүлөр аныкталган. Көмүүлөрдүн мүнөздүү белгилеринин бири — адамдардын тирүү кезинде жасалма жол менен деформацияланган баш сөөктөрүнүн болушу. Көмүүлөрдөн бай материалдык табылгалар табылган, алардын ичинде тиричилик буюмдары, курал-жарактар, жасалгалар, лак буюмдары жана жибек кийимдердин калдыктары бар. Жалпысынан алганда, эстелик б.з.ч. акыркы кылымдарга жана б.з. алгачкы кылымдарга таандык деп даталанат. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |