Кулан-Сай мазары

Идентификациялык код 123-123-12448
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Талас
Район/шаар Талас району
Айыл Кен-Кол айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 21,65 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Көрүстөн бири-биринен кыйла аралыкта жайгашкан кургандардын үч шарттуу тобунан турат. Ар бир топтун айланасына алдын ала коргоо зонасы белгиленген. Жалпысынан көрүстөндүн коргоо зонасынын аянты 21,65 гектарды түзүп, четки кургандардан 60–100 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып бекитилгенге чейин же кургандар толук «жок кылып изилденмейинче», көрүстөндүн коргоо аймагында бардык жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөн жайыт жеринде жайгашкан. Айрым кургандарда байыркы мезгилде жүргүзүлгөн талап-тоноо казууларынын издери бар. Айрым кургандар салыштырмалуу жакында казылып алынган.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Кулан-Сай көрүстөнү 60 кургандан турат. Планиграфиялык жактан көрүстөн меридиан багытында жайгашкан чынжырлар түрүндөгү 4 топко бөлүнөт. Кургандардын үймөгү негизинен таш-топурактан туруп, планында тегерек формада болуп, диаметри 1 мден 16 мге чейин жетет.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес