| Идентификациялык код | 123-123-12453 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Талас |
| Район/шаар | Талас району |
| Айыл | Кен-Кол айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 31,9 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Олжобай көрүстөнүнүн алдын ала коргоо зонасы 31,9 гектарды түзөт жана эң четки кургандардан 60–100 метр радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып бекитилгенге чейин же кургандар толук изилденип, «бузуу» үчүн каралганга чейин, көрүстөндүн коргоо зонасында ар кандай жер казуу иштерине тыюу салынууга тийиш. |
| Техникалык абалы | Мазар жайыт жеринде жайгашкан. Айрым кургандар байыркы мезгилдерде жүргүзүлгөн талап-тоноо казууларынан калган издерди сактап калган. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Олжобай көрүстөнү болжол менен 150дөй кургандан турат. Планиграфиялык жактан алганда, ал меридиан багытында жайгашкан бир нече чынжыр сымал топторго бөлүнөт. Айрым кургандар чынжырлардан тышкары да кездешет. Кургандардын көбүнүн үймөгү таш-топурактан түзүлүп, планда тегерек формада болуп, диаметри 2 метрден 12 метрге чейин жетет. Кээ бир кургандардын негизинде таш шакек байкалат. Кургандардын көпчүлүгүнүн борбордук бөлүгүндө байыркы доорлордо жүргүзүлгөн талап-тоноо казууларынан калган ойдуң бар. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |