| Идентификациялык код | 123-123-12455 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Талас |
| Район/шаар | Талас району |
| Айыл | Кен-Кол айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 6,7 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Сары-Булак II көрүстөнүнүн алдын ала коргоо зонасы 6,7 гектар аянтты түзүп, эң четки кургандардан 60–80 метр радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин көрүстөндүн коргоо зонасында ар кандай жер казуу иштерине тыюу салынышы керек. |
| Техникалык абалы | Көрүстөн айыл чарба багытындагы жерлерде жайгашкан. Кургандардын бардыгы тигил же бул деңгээлде айдоо иштеринен жабыркаган. Азыркы учурда кургандар жер бетинде начар айырмаланат. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Сары-Булак II көрүстөнү 13 кургандан турат. Кургандар түштүктөн түндүккө карай созулган чынжыр сымал тизилип, жалпы узундугу 200 метрди түзөт. Алардын бардыгы айыл чарба иштеринин натыйжасында бузулуп, азыркы жер бетинде начар байкалат. Кургандардын үймөгү негизинен таш-топурактан турат, планда тегерек формада болуп, диаметри 4төн 14 метрге чейин жетет. Айрым кургандардын негизинде бир катар таштардан тургузулган таш шакек байкалат. Көрүстөндүн планиграфиялык өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле кургандардын формасына жана үймөктүн мүнөзүнө таянып, алар эрте темир дооруна даталанат. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |