| Идентификациялык код | 123-123-12470 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Ысык-Көл |
| Район/шаар | Ак-Суу району |
| Айыл | Алтын-Арашан айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 15,7 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Бөрү-Баш археологиялык комплексинин алдын ала аныкталган коргоо зонасы 15,7 гектар аянтты түзөт жана эң четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар менен конуштар толук түрдө «жок кылууга чейин» изилденгенге чейин археологиялык комплекстин коргоо зонасында ар кандай жер казуу иштерине тыюу салынууга тийиш. Коргоо зонасына ошондой эле иштеп жаткан көрүстөндүн олуттуу бөлүгү жана ошол эле аталыштагы айылдагы бир нече үй чарбаларынын короо-жай аймактарынын бөлүгү кирет. |
| Техникалык абалы | Археологиялык комплекстин аймагы айыл чарба багытындагы жерлерде жайгашкан. Анын курамындагы кургандардын басымдуу көпчүлүгүндө ар кайсы мезгилдерде жүргүзүлгөн кайталанма талап-тоноо казууларынын издери байкалат. Чыгыштагы конуштун (торткулдун) аймагында жана анын айланасындагы коргоо зонасында заманбап мусулман көрүстөнү жайгашкан. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Бөрү-Баш археологиялык комплексинин курамындагы көрүстөн анын борбордук бөлүгүн ээлейт. Ал көлөмү чакан болгон 7 жер жана таш-жер кургандарынан турат. Көрүстөндөгү кургандардын негизги бөлүгү түндүк–түштүк багытында, бул огунан бир аз четтеп, чынжыр сымал топторго бириктирилип жайгашкан. Мындай эки чынжыр-топ аныкталган, дагы эки курган бул топтордон өзүнчө жайгашкан. Кургандар негизинен планда тегерек формада, кесиндисинде жапыз жарым шар сымал жана жайпак болуп, диаметри 11–20 мге чейин, бийиктиги 1 мге чейин жетет. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |