Кызыл-Кыя археологиялык комплекси

Идентификациялык код 123-123-12471
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Ак-Суу району
Айыл Хан-Теңири айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 14,28 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Кызыл-Кыя археологиялык комплексинин аймагы шарттуу түрдө үч участоктон турарын эске алуу менен, анын алдын ала аныкталган коргоо зонасынын жалпы аянты 14,28 гектарды түзөт жана ал эң четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар менен конуштар толук археологиялык изилденип, «жоюу үчүн» казылып бүткөнгө чейин, археологиялык комплекстин коргоо зонасында кандай болбосун жер иштери жүргүзүүгө тыюу салынууга тийиш.
Техникалык абалы Археологиялык комплекс айыл чарба жерлеринде жайгашкан. Анын көрүстөндөрүнүн басымдуу бөлүгүндө бир нече жолу жана ар кандай мезгилдеги талап-тоноочулуктун издери бар.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Кызыл-Кыя археологиялык комплексинин курамындагы көрүстөн анын чыгыш бөлүгүн ээлейт. Ал чакан жана орто өлчөмдөгү таш-топурактан тургузулган жети кургандан турат.Көрүстөндөгү кургандар түндүк–түштүк багыты боюнча (бул огунан байкаларлык четтөө менен) жана түштүк-батыш – түндүк-чыгыш багыты боюнча чынжыр сымал эки топко бириктирилген. Кургандар негизинен планда тегерек формада, профилде жалпак жарым шар сымал, төмпөйгөн эмес, диаметри 8ден 25 мге чейин, бийиктиги 1 мге чейин жетет. Бир курган олуттуу деңгээлде бузулган. Ушул көрүстөндөгү кургандарга окшош дагы бир курган археологиялык комплекстин батыш бөлүгүндө, шаарчадан 25 м батышта жайгашкан.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес