Айырмач I мазары

Идентификациялык код 123-123-12478
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Ак-Суу району
Айыл Хан-Теңири айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 15,75 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Айырмач I көрүстөнүнүн аймагы шарттуу түрдө эки участоктон турарын эске алуу менен, анын алдын ала аныкталган коргоо зонасынын жалпы аянты 15,75 гектарды түзөт жана четки кургандардан 80 метр радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук түрдө «жоюп изилденмейинче», көрүстөндүн коргоо зонасында ар кандай жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл. Бул коргоо зонасына эки ферманын аймагы жарым-жартылай кирет.
Техникалык абалы Мазар аймагы айыл чарба жерлеринде жайгашкан. Курган­дардын көпчүлүгүндө ар кайсы мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери байкалат. Курган­дардын дээрлик бардык үймөлөрү интенсивдүү айдоонун натыйжасында бузулган. Бир ири курган дээрлик толугу менен айдалып кеткен.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Айырмач I көрүстөнү чакан жана орто көлөмдөгү 11 топурак кургандан турат. Көрүстөндөгү кургандардын негизги бөлүгү түндүк–түштүк багыты боюнча созулган, бирок бул огунан бир аз четтеген чынжыр сымал топторго жайгашкан. Шарттуу түрдө көрүстөндүн түзүлүшүндө ушундай эки чынжыр бар деп эсептелет. Негизги чынжырга жакын жерде окшош көрүнүштөгү дагы бир курган жайгашкан. Андан бир аз алысыраакта дагы эки курган бар, алардын бири ири өлчөмдө болуп, дээрлик толугу менен айдалып кеткен.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес