Айырмач II мазары

Идентификациялык код 123-123-12479
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Ак-Суу району
Айыл Хан-Теңири айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 11,15 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Айырмач II көрүстөнүнүн аймагы шарттуу түрдө эки участоктон турарын эске алуу менен, анын алдын ала коргоо зонасынын жалпы аянты 11,15 гектарды түзөт жана четки кургандардан 80 метр радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук түрдө «жоюп изилденмейинче», көрүстөндүн коргоо зонасында ар кандай жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Мазар айыл чарба багытындагы жерлерде жайгашкан. Кургандардын көпчүлүгүндө ар кайсы мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери байкалат. Курган­дардын дээрлик бардык үймөлөрү периметри боюнча интенсивдүү айдоонун натыйжасында бузулган
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Айырмач II көрүстөнү негизинен чакан өлчөмдөгү 13 топурак жана таш-топурак кургандардан турат. Кургандардын көпчүлүгү түндүк–түштүк багыты боюнча тизилген чынжыр сымал топторго бириккен, көп учурда бул багыттан кыйла четтөө байкалат. Жалпысынан көрүстөндүн түзүлүшүндө ушундай үч чынжыр сымал топ бөлүнүп көрсөтүлөт, ошондой эле аларга окшош көрүнүштөгү бир катар кургандар бир аз аралыкта жайгашкан.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес