| Идентификациялык код | 123-123-12480 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Ысык-Көл |
| Район/шаар | Ак-Суу району |
| Айыл | Хан-Теңири айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 11,74 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Ак-Булак I көрүстөнүнүн аймагы шарттуу түрдө эки участоктон турарын эске алуу менен, анын алдын ала коргоо зонасынын жалпы аянты 11,74 гектарды түзөт жана четки кургандардан 80 метр радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук түрдө «жоюп изилденмейинче», көрүстөндүн коргоо зонасында ар кандай жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл. |
| Техникалык абалы | Мазар айыл чарба багытындагы жерлерде жайгашкан. Кургандардын көпчүлүгүндө ар кайсы мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери байкалат. Кургандардын көпчүлүк үймөлөрү периметри боюнча интенсивдүү айдоонун натыйжасында бузулган. Бир курган дээрлик толугу менен бузулган. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Ак-Булак I көрүстөнү 19 орто жана чакан өлчөмдөгү таш-топурак жана топурак кургандардан турат. Кургандардын негизги бөлүгү түндүк–түштүк багыты боюнча түзүлгөн чынжыр сымал топко жайгашкан, багыттан олуттуу деңгээлде четтөө байкалат. Көрүстөндүн негизги бөлүгүнөн 495–575 метр батышта окшош көрүнүштөгү жалгыз курган жайгашкан. Кургандардын көбү план боюнча тегерек формада, профили боюнча тегизделген жарым-сфералык, диаметри 11ден 23 метрге чейин, бийиктиги 1,2–1,5 метрге жетет. Көрүстөндүн планиграфиялык өзгөчөлүктөрүнө, кургандардын формасына жана үймөлөрүнүн мүнөзүнө карата кургандар эрте темир дооруна таандык деп даталанат. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |