Ак-Булак II мазары

Идентификациялык код 123-123-12481
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Ак-Суу району
Айыл Хан-Теңири айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 10,67 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Ак-Булак II көрүстөнүнүн аймагы шарттуу түрдө эки участоктон турарын эске алуу менен, анын алдын ала коргоо зонасынын жалпы аянты 10,67 гектарды түзөт жана четки кургандардан 80 метр радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук түрдө «жоюп изилденмейинче», көрүстөндүн коргоо зонасында ар кандай жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл. Бир катар ири кургандарда учурдагы кыргыз көрөстөнү жайгашкан.
Техникалык абалы Мазар айыл чарба багытындагы жерлерде жайгашкан. Кургандардын көпчүлүгү ар кайсы мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издерин сактайт. Кургандардын айрым үймөлөрү жер жолунун кесепетинен бузулган. Бир катар ири кургандарда этнографиялык жана учурдагы кыргыз көрөстөндөрү жайгашкан.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Ак-Булак II көрүстөнү 11 орто жана чакан өлчөмдөгү топурак жана таш-топурак кургандардан турат. Көрүстөндүн негизин түндүк–түштүк багыты боюнча түзүлгөн эң чоң кургандардын чынжыры түзөт; алардын үймөлөрүнүн диаметри 15тен 29 метрге чейин. Чынжырга жакын жерде окшош көрүнүштөгү, бирок кичирээк кургандар дагы жайгашкан. Көрүстөндүн негизги бөлүгүнөн 342 метр чыгышта жалгыз чакан курган орун алган.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес