| Идентификациялык код | 123-123-12485 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Ысык-Көл |
| Район/шаар | Ак-Суу району |
| Айыл | Кыдыр-Аке айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 22,81 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Ак-Суу IV көрүстөнү шарттуу түрдө үч бөлүккө бөлүнгөндүгүн эске алсак, анын алдын ала коргоо аймагы жалпысынан 22,81 га түзөт жана эң четтеги кургандардан 80 метр радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо аймактарынын долбоору иштелип чыгып бекитилгенге чейин же кургандар “бузуу үчүн” толук изилденгенге чейин көрүстөндүн коргоо аймагында бардык топурак иштерине тыюу салынуусу зарыл. |
| Техникалык абалы | Көрүстөндүн аймагы айыл чарба жерлеринде жайгашкан. Кургандардын басымдуу бөлүгү бир нече жолу жана ар башка мезгилдерде жасалган тоноп казуулардын издерин сактап калган. Кургандардын бир катар төбөлөрү талаа оруп-жыйноодон улам айтарлыктай бузулган. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Ак-Суу IV көрүстөнү болжол менен 24 кичинекей топурак жана таш-топурак курганынан турат. Көрүстөндөгү кургандардын негизги бөлүгү чынжырдай топторго бөлүнүп, түндүк–түштүк, түндүк-батыш – түштүк-чыгыш жана батыш-түштүк – түндүк-чыгыш багыттарында жайгашкан. Көрүстөндө мындай чынжырдай топтордун саны кеминде 4. Кургандар планы боюнча тегерек формада, кесиндиси боюнча жамбаштай сферикалык, диаметри 9дон 19 мге чейин, бийиктиги 1,4 мге чейин. Көрүстөндүн планиграфиялык өзгөчөлүктөрүнө, кургандардын формасына жана төбөсүнүн мүнөзүнө ылайык, кургандар Эрте Темир дооруна таандык деп эсептелет. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |