| Идентификациялык код | 123-123-12494 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Ысык-Көл |
| Район/шаар | Ак-Суу району |
| Айыл | Кыдыр-Аке айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 107,6 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Жергез II көрүстөнүнүн аймагы шарттуу түрдө эки участоктон турганын эске алуу менен, анын алдын ала коргоо зонасынын жалпы аянты 107,6 га түзөт жана эң четки кургандардын айланасында 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук изилденип, «жоюу» жолу менен алынганга чейин көрүстөндүн коргоо зонасында кандай гана болбосун жер иштери жүргүзүүгө тыюу салуу зарыл. Бул зонага Кара-Кыз айылынын бир нече турак жайлары кирет. |
| Техникалык абалы | Көрүстөндүн аймагы айыл чарба багытындагы жерлерде жайгашкан. Кургандардын абсолюттук көпчүлүгүндө ар кайсы мезгилдерде жана бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноо казууларынын издери бар. Айрым кургандардын үймөлөрү интенсивдүү айдалып иштетилгендиктен, периметри боюнча жабыркаган. 18 курган дээрлик толугу менен кыйраган. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Жергез II көрүстөнү негизинен орто жана чакан өлчөмдөгү 54 топурак жана таш-топурак кургандарынан турат, бирок ири өлчөмдөгү бир нече кургандар да бар. Көрүстөндөгү кургандардын негизги бөлүгү түндүк – түштүк, түндүк-батыш – түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш – түндүк-чыгыш багыттары боюнча созулган топ-чынжырларга жайгаштырылган. Өзгөчө көрүстөндүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан мындай 6 топ-чынжыр өзгөчө айырмаланат, анда диаметри 14төн 32 метрге чейинки эң ири кургандар орун алган. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |