Кереге-Таш I мазары

Идентификациялык код 123-123-12500
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Ак-Суу району
Айыл Кыдыр-Аке айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 9,1 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Кереге-Таш I көрүстөнүнүн алдын ала коргоо аймагы 9,1 га түзөт жана эң четтеги кургандардан 80 м радиустагы жерди камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып бекитилгенге чейин же кургандар толук иликтенгенге чейин, көрүстөндүн коргоо аймагында кандайдыр бир топурак иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
Техникалык абалы Көрүстөндүн аймагы айыл чарба аянттарында жайгашкан. Кургандарда бир нече ирет жана ар башка мезгилде жасалган талаа уурдоолордун издери сакталган. Кургандардын топурактуу насыстары тегерегинде өңдүү жерге айдоо иштеринен улам бузулган издерди сактайт.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Кереге-Таш I көрүстөнү чакан жана орто өлчөмдөгү таш-топурактан тургузулган 2 кургандан турат. Курган­дар түштүк-батыш – түндүк-чыгыш багытында чынжыр сымал топ болуп жайгашкан. Кургандардын үстүңкү түзүлүшү планда тегерек формада, жапыз жарым шар сымал болуп, диаметри 16–21 м, бийиктиги 1,3 мге чейин жетет. Көрүстөндүн планиграфиялык өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле кургандардын формасына жана түзүлүшүнө таянып, алар эрте темир дооруна таандык деп даталанат.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес