| Идентификациялык код | 123-123-12511 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Байыркы өнөр жай жана кен |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Ысык-Көл |
| Район/шаар | Ак-Суу району |
| Айыл | Ак-Суу |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | XVII-XIX кк. |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 0,20 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Чиркөөнүн имараты жер тилкесинин түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Чиркөөнүн жер тилкесинин аянты 0,20 гектарды түзөт. |
| Техникалык абалы | 2006-жылы иштеп турган чиркөөдө жүргүзүлгөн оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүндө, алтардын чыгыш тарабындагы чиркөөнүн пайдубалы текшерилгенде, курулушту ыйыктоо учурунда салынган өлчөмү 10 × 15 см болгон жез тактайча табылган. Тактайчадагы текст кылдаттык менен басылып, тамгалар оюк түрүндө түшүрүлгөн. Андагы маалыматка ылайык, Ак-Суу айылындагы ыйык улуу азапкеч Димитрий Солунский атындагы чиркөө 1898-жылдын 26-мартында (эски стиль боюнча), Түркестан епархиясынын башкаруучу епискобу Аркадийдин тушунда негизделген. Ушундайча, Ак-Суу айылындагы азыркы учурда иштеп турган чиркөөнүн так негизделген датасы аныкталган |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Ысык-Көл аймагындагы биринчи туруктуу аскердик бекемдөөнү куруу тууралуу чечим 1869-жылдын күзүндө кабыл алынган. Ошентип, Ак-Суу дарыясынын ысык булактарга бай өрөөнүндө Ак-Суу бекемдөөсү пайда болуп, анда кийиз менен капталган тактайлардан курулган ыйык Димитрий Солунскийдин жүрүш чиркөөсү орнотулган. Бул «кошмолуу» чиркөөнү Кыргызстандын аймагындагы эң алгачкы чиркөө катары кароого болот. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |