Боз-Бармак I мазары

Идентификациялык код 123-123-12515
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Балыкчы
Айыл
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 160 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Боз-Бармак I көрүстөнүнүн коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып бекитилген. Аталган долбоорго ылайык, Боз-Бармак I көрүстөнүнүн корголуучу ландшафт зонасы 160 гектарды түзөт; жөнгө салынуучу курулуш зонасы – 160 гектар; коргоо зонасы – 52,7 гектар. Көрүстөндүн коргоо зонасында кандайдыр бир жер иштери жүргүзүүгө тыюу салынган.
Техникалык абалы Көрүстөн бөлүнүп жайгашкан: бир бөлүгү жайыт жерлеринде, бир бөлүгү жана айланасы кум-шакал карьерлердин аймагында, бул анын бузулушуна коркунуч туудурат. Кургандардын көпчүлүгү байыркы мезгилдерде жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издерин сактап калган.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Боз-Бармак I көрүстөнү 63 бүтүндөй (археологтор казбаган) кургандан турат. 2022 жана 2024-жылдары көрүстөндүн аймагында археологдор А. Абдыканыова жана Т. Чаргынов тарабынан болжол менен 45 курган казылган, алар эрте темир доорго таандык. Ошентип, археологиялык казууларга чейин көрүстөндө жалпы 108 курган болгон.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес