Кара-Жылга I мазары

Идентификациялык код 123-123-12517
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Балыкчы
Айыл
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 176 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Кара-Жылга I көрүстөнүнүн алдын ала коргоо зонасы 176 гектарды түзүп, эң четки кургандардан 100 метр радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып бекитилгенге чейин же кургандар толук түрдө «алып салуу үчүн» изилденмейинче, көрүстөндүн коргоо зонасында бардык түрдөгү жер иштери жүргүзүүгө тыюу салынууга тийиш.
Техникалык абалы Көрүстөндүн аймагы жайыт жерлеринде жайгашкан. Анын дээрлик бардык кургандары байыркы мезгилдерде жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издерин сактап калг
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Кара-Жылга I көрүстөнү болжол менен 240 таш жана таш-жер кургандарынан турат. Көрүстөндүн негизин 16–20 метр диаметри бар чоң таш кургандары түзөт, алар түндүк – түштүк багыты боюнча чынжыр түрүндө жайгашкан. Көрүстөндө мындай 12 топ-чынжыр катталган, алардын ортосунда жана айланасында андан кичирээк таш жана таш-жер кургандары системасыз жайгашкан. Кургандар негизинен планда тегерек формада, диаметри 3төн 20 метрге чейин, бийиктиги 2,5–3 метрге жетет. Бир нече тик бурчка жакын формадагы таш-жер кургандары да бар.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес