Ак-Терек I мазары

Идентификациялык код 123-123-12551
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Жаргылчак айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 9,7 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Ак-Терек I көрүстөнүнүн алдын ала коргоо аймагы 9,7 га түзөт жана четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып бекитилгенге чейин же кургандар толук изилденгенге чейин коргоо аймагында бардык жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөндүн аймагы жайыт жерлеринде жайгашкан. Алардын дээрлик көпчүлүгүндө ар кайсы мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери бар.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Ак-Терек I көрүстөнү 13 таш-топурак кургандан турат. Көрүстөндүн негизин түндүк–түштүк багыты боюнча чынжыр сымал топтор болуп тизилген орто жана чакан таш кургандар түзөт. Көрүстөндө ушундай эки топ-чынжыр бар, алардын батыш тарабында сырткы көрүнүшү окшош болгон дагы бир нече таш-топурак кургандар жайгашкан.Кургандар негизинен планда тегерек формада, профилде жапыз жарым шар сымал, диаметри 2 мден 18 мге чейин, бийиктиги 1,5–1,7 мге чейин жетет.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес