Барскоон мазары

Идентификациялык код 123-123-12552
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Барскоон айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 72 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Көрүстөн бир-биринен алыс жайгашкан бир нече өзүнчө топтон турат. Ар бир топтун айланасында алдын ала коргоо аймагы белгиленген. Жалпы аянты 72 га түзүп, четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып бекитилгенге чейин көрүстөндүн коргоо аймагында бардык жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөн айыл чарба багытындагы жерлерде жайгашкан. Алардын дээрлик баары ар кандай деңгээлде айыл чарба иштеринин натыйжасында жабыркаган. Кургандар толук жок болуу коркунучунда турат.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Барскоон көрүстөнү 50 таш-топурак кургандан турат. Кургандардын жайгашуусунда жалпы система байкалбайт. План боюнча көрүстөн бир нече топторго бөлүнөт, алардын көпчүлүгү меридиан багыты боюнча тизилген кургандар чынжырын түзөт. Калган учурларда кургандар салыштырмалуу системасыз жайгашкан. Кургандар таш-топурак, планда тегерек формада.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес