| Идентификациялык код | 123-123-12553 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Ысык-Көл |
| Район/шаар | Жети-Өгүз району |
| Айыл | Кызыл-Суу айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 9,16 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Бөлөтөк көрүстөнүнүн жайгашуусу чачыраңкы болгондуктан, кургандар эки өзүнчө топко бөлүнгөн, ар бир топ үчүн өзүнчө алдын ала коргоо аймагы түзүлгөн. Жалпы аянты 9,16 га түзүп, четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып бекитилгенге чейин же кургандар толук изилденгенге чейин көрүстөндүн коргоо аймагында бардык жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл. |
| Техникалык абалы | Көрүстөндүн аймагы бөлүнүп жайгашкан: бир бөлүгү айыл чарба багытындагы жерлерде, бир бөлүгү жайытта. Алардын дээрлик көпчүлүгүндө бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери бар. Бир нече курган жер айдоо иштеринен бузулган. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Бөлөтөк көрүстөнү 8 таш-топурак жана топурак кургандан турат. Көрүстөндүн негизин диаметри 3–26 м болгон чоң топурак кургандар түзөт, алар түндүк–түштүк багыты боюнча чынжыр сымал тизилген. Көрүстөндө мындай эки топ-чынжыр бар: чоңу (чыгыштагы, 6 курган) жана кичи топ (батыштагы, 2 курган). Кургандар негизинен планда тегерек формада, диаметри 3–26 м, бийиктиги 3 мге чейин жетет. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |