Жалгыз-Өрүк I мазары

Идентификациялык код 123-123-12554
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Кызыл-Суу айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 11,4 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Жалгыз-Өрүк I көрүстөнүнүн алдын ала коргоо аймагы 11,4 га түзөт жана четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып бекитилгенге чейин 80 м радиуста бардык жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөн жайытта жайгашкан. Эки чоң курган курулуш кумун казган карьер ишмердүүлүгүнүн натыйжасында авариялык абалда турат.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Жалгыз-Өрүк I көрүстөнү диаметри 26–44 м, бийиктиги 4 мге чейин болгон чоң топурак дөбөлөрдөн, түндүк–түштүк багыты боюнча чынжыр сымал тизилген, жана диаметри 6–13 м болгон жалпак таш-топурак кургандардан турат, алар системасыз жайгашкан. Көрүстөндөгү кургандардын жалпы саны 26 түзөт, анын ичинде 9 чоң курган жана 17 ряддык курган бар.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес