Жети-Өгүз I мазары

Идентификациялык код 123-123-12558
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Жети-Өгүз айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 13 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Жети-Өгүз I көрүстөнү калктуу конуштун аймагында жайгашкандыктан, ар бир үч курган үчүн алдын ала коргоо аймагы белгиленген. Жалпы аянты 13 га түзүп, кургандардын дөбөлөрүнүн четтеринен 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып бекитилгенге чейин же кургандар толук изилденгенге чейин (“жоюуга”) көрүстөндүн коргоо аймагында бардык жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөн калктуу конуштун (айылдын) аймагында жайгашкан. Алардын дээрлик көпчүлүгүндө ар кайсы мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери бар. Эки кургандын үстүндө мусулман кабырлары бар, үчүнчүнүн үстүндө – байланыш антеннасы. Акыркы кургандын дөбөсү жарым-жартылай бузулган.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Жети-Өгүз I көрүстөнү шарттуу түрдө 3 чоң топурак кургандан турат. Алардын экөө компакттуу чынжыр сымал топ болуп, түндүк–түндүк-чыгыштан түштүк–түштүк-батыш багытына ориентирленген. Үчүнчү курган алардан 1,43 км алыстыкта түндүк–түндүк-чыгыш багытта жайгашкан. Көрүстөндөгү кургандардын дөбөлөрү планда тегерек формада, профилде жапыз жарым шар сымал, диаметри 51–68 мге чейин, бийиктиги 3 мге чейин жетет. Эки кургандын үстүндө мусулман кабырлары бар, ал эми үчүнчү кургандын үстүндө байланыш антеннасы орнотулган.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес