Кара-Күңгөй III мазары

Идентификациялык код 123-123-12568
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Оргочор айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 22,1 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Кара-Күңгөй III курган жайынын алдын ала коргоо аймагы 22,1 га түзөт жана эң алыскы кургандардын айланасында 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо аймактарынын долбоорун иштеп чыгып, бекиткенге чейин же кургандарды толук изилдеп, «жок кылуу» иштерин жүргүзгөнгө чейин курган жайдын коргоо аймагында бардык жер казуу иштерине тыюу салынат.
Техникалык абалы Курган жайынын аймагы бөлүнүп, бир бөлүгү жайыт жерлерде, экинчиси айыл чарба жерлеринде жайгашкан. Курган жайындагы кургандардын дээрлик бардыгы тоноочулук казуулардан калган издерди сактайт.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Кара-Күңгөй III курган жайы 52 кичинекей таш-жер кургандарынан турат. Анын негизги бөлүгү түндүк – түштүк, түндүк-батыш – түштүк-чыгыш жана сейрек түндүк-чыгыш – түштүк-батыш багыттарында жайгашкан топ-чынжырчаларга топтолгон. Могильник структурасында мындай чынжырчалар кеминде 7 болгон, алардын ичинде жана айланасында системасыз жайгашкан кичинекей таш-жер кургандар бар.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес