| Идентификациялык код | 123-123-12569 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Ысык-Көл |
| Район/шаар | Жети-Өгүз району |
| Айыл | Кызыл-Суу айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 73,7 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Курган жайынын жалпы аймагы алдын ала коргоо аймагы эске алынып эсептелгенде 73,7 га түзөт. Алдын ала коргоо аймагы эң алыскы кургандардын айланасындагы 20–100 м радиустагы аймакты камтыйт. Айрым жерлерде алдын ала коргоо аймагынын чектери табигый жана башка рельефтик чек аралар менен аныкталган (жаңсак, канал, тоо түшүүсү). Коргоо аймактарынын долбоорун иштеп чыгып, бекиткенге чейин же кургандарды толук изилдөө жана «жок кылуу» иштерин жүргүзгөнгө чейин курган жайдын коргоо аймагында бардык жер казуу иштерине тыюу салынат |
| Техникалык абалы | Айрым кургандарда дагы эле байыркы доордо жүргүзүлгөн тоноочулук казуулардан калган издер сакталган. Айрым кургандардан 50–100 м аралыкта иштеп жаткан мусулмандар кабырлары жана мал сарайлары жайгашкан. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Курган жайы таш-жер жана жер кургандарынан турат, планда тегерек формада, диаметри 2ден 27 мге чейин, бийиктиги 2 мге чейин. Алар түндүк – түштүк багыты боюнча туура эмес чынжырчалар түрүндө 1,6 км аралыкка жайгашкан. Жалпы аныкталган кургандардын саны 185ти түзөт. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |