Сары-Булак мазары

Идентификациялык код 123-123-12581
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Жаргылчак айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Орто кылымдар
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 3,25 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Сары-Булак көрүктүн алдын ала коргоочу аймагы 3,25 га түзөт жана ал акыркы кургандардан 80 метр радиустагы аймакты камтыйт. Коргоочу зоналардын долбоору иштелип чыкмайынча жана бекитилгенге чейин же кургандар толук изилденип бүтүшкөнгө чейин көрүктүн коргоочу аймагында кандайдыр бир жер иштери жүргүзүүгө тыюу салынат.
Техникалык абалы Көрүктүн аймагы мал жайылган жерлерде жайгашкан. Алардын басымдуу бөлүгү бир нече жолу жана ар башка мезгилде жасалган каракчылык казуулардын издерин сактап калган. Бир курган олуттуу бузулган.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Сары-Булак көрүктуу жайы 3 кичинекей таш кургандан турат. Ал шарттуу түрдө бирге жайгашкан эки кургандан жана андан 140 м түндүк-батыш тарапка алыс жайгашкан дагы бир кургандан турат. Анын жайгашуусу жердин рельефине ылайыкташкан. Кургандар негизинен тегерек формада, диаметри 5,5–7 м, бийиктиги 0,3 мге чейин. Бир курган чоң өлчөмдө талкаланып кеткени байкалат. Планграфикалык өзгөчөлүктөргө, кургандын формасына жана топурак жамынтысынын мүнөзүнө таянып, кургандар Орто кылымдар дооруна таандык деп эсептелет.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес