Тосор I мазары

Идентификациялык код 123-123-12582
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Барскоон айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 27,2 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Тосор I мазарынын алдын ала коргоо аймагы 27,2 га түзөт жана акыркы кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо аймактарын долбоорлоо жана бекитүү боюнча иш жүргүзүлмөйүнчө же кургандардын толук изилдениши “тазалоо” үчүн жасалмайынча, мазар коргоо аймагында кандайдыр бир жер иштери жүргүзүүгө тыюу салынат.
Техникалык абалы Мазардын аймагы бөлүнүп жайгашкан: айрым бөлүгү талаа-чарба жерлеринде, айрым бөлүгү мал чарбалык жерлерде. Алардын басымдуу көпчүлүгүндө бир нече жолу жана ар башка убакта жасалган каракчылык казуулардан калган издер бар.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Тосор I мазары негизинен кичинекей өлчөмдөгү 82 таш жана таш-жер кургандарынан турат. Анын түндүк-батыш бөлүгүндө жер планы тегерек формалуу, профили боюнча жайылып жарым сферикалык болгон таш-жер кургандардан турган топ-чыптама көрүнүп турат, алар түштүк-батыштан түндүк-чыгышка чейин сап менен түптөлгөн; алардын диаметри 16дан 22 мге чейин, бийиктиги 1–1,2 мге жетет.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес