Төш II мазры

Идентификациялык код 123-123-12585
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Кызыл-Суу айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 8,82 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Төш II мазарынын алдын ала коргоо аймагы 8,82 га түзөт жана акыркы кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо аймактарын долбоорлоо жана бекитүү боюнча иш жүргүзүлмөйүнчө же кургандардын толук изилдениши “тазалоо” үчүн жасалмайынча, мазардын коргоо аймагында кандайдыр бир жер иштери жүргүзүүгө тыюу салынат.
Техникалык абалы Мазардын аймагы айрым бөлүктөрү мал чарбалык, айрым бөлүктөрү айыл чарба жерлеринде жайгашкан. Алардын басымдуу көпчүлүгүндө бир нече жолу жана ар башка убакта жасалган каракчылык казуулардан калган издер бар.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Төш II мазары 22 таш-жер кургандарынан турат, негизинен түндүктөн түштүккө чейинки сызык боюнча түзүлгөн чынжырчаларга топтолгон, кээде бул сызыктан аз гана бурмалануу менен. Мазардын ичинде орто жана кичине кургандардан турган кеминде 3 ушундай топ-чынжырча бар.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес