Узун-Булак II мазары

Идентификациялык код 123-123-12588
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Жети-Өгүз айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 6,83 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Узун-Булак II мазарынын алдын ала коргоо аймагы 6,83 га түзөт жана акыркы кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо аймактарын долбоорлоо жана бекитүү боюнча иш жүргүзүлмөйүнчө же кургандардын толук изилдениши “тазалоо” үчүн жасалмайынча, мазардын коргоо аймагында кандайдыр бир жер иштери жүргүзүүгө тыюу салынат.
Техникалык абалы Мазардын аймагынын бир бөлүгү мал чарбалык жерлерде, ал эми экинчи бөлүгү айыл чарба жерлеринде жайгашкан. Алардын басымдуу көпчүлүгүндө бир нече жолу жана ар башка убакта жасалган каракчылык казуулардан калган издер бар. Кээ бир кургандардын насыптарынын четтеринде айдоо иштеринин издери байкалат.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Узун-Булак II мазары 14 жер жана таш-жер кургандарынан турат. Мазардын кургандарынын негизги бөлүгү түндүк–түштүк багыты боюнча, кээде бул огунан аз гана четтөө менен, чынжырчаларга топтолгон. Мазарда ушундай 3 топ-чынжырча бар, алардын жанында окшош көрүнүштөгү бир нече таш-жер кургандары тартипсиз жайгашкан.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес