Узун-Булак III мазары

Идентификациялык код 123-123-12589
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Жети-Өгүз айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 9,52 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Узун-Булак III мазары шарттуу түрдө эки участокко бөлүнгөндүгүн эске алганда, анын алдын ала коргоо аймагы жалпы 9,52 га түзөт жана акыркы кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо аймактарын долбоорлоо жана бекитүү боюнча иш жүргүзүлмөйүнчө же кургандардын толук изилдениши “тазалоо” үчүн жасалмайынча, мазардын коргоо аймагында кандайдыр бир жер иштери жүргүзүүгө тыюу салынат.
Техникалык абалы Мазардын аймагынын бир бөлүгү мал чарбалык жерлерде, ал эми экинчи бөлүгү айыл чарба жерлеринде жайгашкан. Алардын басымдуу көпчүлүгүндө бир нече жолу жана ар башка убакта жасалган каракчылык казуулардан калган издер бар. Кээ бир кургандар кескин бузулган.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат зун-Булак III мазары 18 кичинекей таш-жер кургандарынан турат. Мазардын батыш участокунда кургандардын негизги бөлүгү түндүк–түштүк багыты боюнча жайгашкан эки чынжырчага топтолгон.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес