Чоң-Кызыл-Суу III көрүстөнү

Идентификациялык код 123-123-12593
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Оргочор айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 6,31 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Чоң-Кызыл-Суу III көрүстөнү эки участоктон тургандыгын эске алуу менен, анын алдын ала коргоо аймагы жалпысынан 6,31 гектарды түзүп, четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Бул аймакка жарым-жартылай заманбап мусулман көрүстөнү да кирет. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук «жоюу алдында» изилденип бүткөнгө чейин көрүстөндүн коргоо аймагында кандай гана болбосун жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөндүн аймагы жайыт жерлеринде жайгашкан. Курган­дардын басымдуу көпчүлүгүндө ар кайсы мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери байкалат.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Чоң-Кызыл-Суу III көрүстөнү көлөмү жагынан чакан болгон 5 топурак жана таш-топурактуу кургандан турат. Көрүстөндүн негизги бөлүгүндөгү кургандар түндүк-чыгыш – түштүк-батыш багыты боюнча созулган чынжыр сымал топко бириккен. Негизги курган тобунан түндүк-батышка карай 280 м аралыкта жайгашкан жалгыз курган шарттуу түрдө ушул көрүстөнгө киргизилген. Курган­дар негизинен планда тегерек формада, профили боюнча жалпак-жарым шар сымал болуп, диаметри 10 мден 15 мге чейин, бийиктиги 1,2 мге чейин жетет. Көрүстөндүн планиографиялык өзгөчөлүктөрүнө, үймөлөрдүн формасына жана түзүлүш мүнөзүнө карата кургандар эрте темир дооруна даталанат.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес