Чоң-Кызыл-Суу IV көрүстөнү

Идентификациялык код 123-123-12594
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Оргочор айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 7,82 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Чоң-Кызыл-Суу IV көрүстөнүнүн алдын ала коргоо аймагы 7,82 гектарды түзүп, четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук «жоюу алдында» изилденип бүткөнгө чейин көрүстөндүн коргоо аймагында кандай гана болбосун жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөндүн аймагы жайыт жерлеринде жайгашкан. Курган­дардын басымдуу көпчүлүгүндө ар кайсы мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери байкалат.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Чоң-Кызыл-Суу IV көрүстөнү ар түрдүү көлөмдөгү, негизинен орто жана чакан 18 таш-топурактуу жана топурак кургандан турат. Көрүстөндөгү кургандардын басымдуу бөлүгү түндүк-батыш – түштүк-чыгыш багыты боюнча созулган чынжыр сымал топторго бириккен. Мындай чынжырлар көрүстөндүн түзүмүндө кеминде 5ти түзөт. Курган­дар негизинен планда тегерек формада, профили боюнча жалпак-жарым шар сымал, кээде жалпак болуп, диаметри 5 мден 28 мге чейин, бийиктиги 0,3 мден 2,2 мге чейин жетет.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес