Чоң-Кызыл-Суу V көрүстөнү

Идентификациялык код 123-123-12595
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Оргочор айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Чоң-Кызыл-Суу V көрүстөнүнүн алдын ала коргоо аймагы 10,9 гектарды түзүп, четки кургандардан 100 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук «жоюу алдында» изилденип бүткөнгө чейин көрүстөндүн коргоо аймагында кандай гана болбосун жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөндүн аймагы жайыт жерлеринде жайгашкан. Кургандардын басымдуу көпчүлүгүндө ар кайсы мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери байкалат.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Чоң-Кызыл-Суу V көрүстөнү болжол менен 22 чакан көлөмдөгү таш-топурактуу кургандан турат. Көрүстөндүн негизги бөлүгү кургандардын түндүк – түштүк багытына ылайыкташкан чынжыр сымал топторго бириккен, кээде бул оскадан аздыр-көптүр ийри болуп кетет. Көрүстөндө мындай чынжыр сымал топтор кеминде 4кө жетет. Бир катар чакан кургандар курган чынжырларынын тышында жайгашкан. Кургандар негизинен планда тегерек формада, профили боюнча жалпак-жарым шар сымал же жалпак болуп, диаметри 3 мден 16 мге чейин, бийиктиги 0,2 мден 1 мге чейин жетет. Көрүстөндүн планиографиялык өзгөчөлүктөрүнө, үймөлөрдүн формасына жана түзүлүш мүнөзүнө карата кургандар эрте темир дооруна даталанат.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес