Чычкан-Башы I Көрүстөнү

Идентификациялык код 123-123-12596
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Жаргылчак айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 14 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Чычкан-Башы I көрүстөнү менен жакын жайгашкандыктан ошол аймакка Чычкан-Башы I (Чычкан) (торткуль) шаарчасы да кирет. Андыктан жалпы алдын ала коргоо аймагы 14 гектарды түзүп, четки кургандардан жана шаарчанын чек араларынан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук «жоюу алдында» изилденип бүткөнгө чейин көрүстөндүн коргоо аймагында кандай гана болбосун жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөндүн аймагы жарым-жартылай жайыттарда, жарым-жартылай айыл чарба жерлеринде жайгашкан. Кургандардын басымдуу көпчүлүгүндө ар кайсы мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери байкалат. Бир катар кургандарда бузулуулар байкалат.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Чычкан-Башы I көрүстөнү 5 топурак жана таш-топурактуу кургандан турат. Көрүстөндүн негизин түндүк-батыш – түштүк-чыгыш багыты боюнча жайгашкан 3 орто көлөмдөгү кургандын чынжыр сымал тобу түзөт; алардын диаметри 23–40 м, бийиктиги 2 мге чейин жетет. Алардан түндүк-батышка карай дагы бир курган тобу – эки чакан кургандын чынжыры жайгашкан, диаметри 4–6 м, бийиктиги 0,3 мге чейин, багыты негизги топко окшош. Көрүстөндөгү кургандар негизинен планда тегерек формада, профили боюнча жалпак-жарым шар сымал.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес