Чычкан-Башы II көрүстөнү

Идентификациялык код 123-123-12597
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Жаргылчак айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 6,1 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Чычкан-Башы II көрүстөнүнүн алдын ала коргоо аймагы 6,1 гектарды түзүп, четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук «жоюу алдында» изилденип бүткөнгө чейин көрүстөндүн коргоо аймагында кандай гана болбосун жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөндүн аймагы жайыт жерлеринде жайгашкан. Кургандардын басымдуу көпчүлүгүндө ар кайсы мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери байкалат.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Чычкан-Башы II көрүстөнү 52 чакан көлөмдөгү таш жана таш-топурактуу кургандан турат. Көрүстөндүн негизги бөлүгү кургандардын түндүк – түштүк багытына ылайыкташкан чынжыр сымал топторго бириккен, кээде бул багыттан аздыр-көптүр ийри болуп кетет. Көрүстөндө мындай чынжыр сымал топтор кеминде 6ны түзөт, алардын арасында жана айланасында ирээтсиз жайгашкан чакан таш жана таш-топурактуу кургандар бар.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес