Чычкан-Башы III көрүстөнү

Идентификациялык код 123-123-12598
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Жети-Өгүз району
Айыл Жаргылчак айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 4 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Чычкан-Башы III көрүстөнүнүн алдын ала коргоо аймагы 4 гектарды түзүп, четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук «жоюу алдында» изилденип бүткөнгө чейин көрүстөндүн коргоо аймагында кандай гана болбосун жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөндүн аймагы жайыт жерлеринде жайгашкан. Кургандардын басымдуу көпчүлүгүндө ар кайсы мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери байкалат.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Чычкан-Башы III көрүстөнү болжол менен 29 чакан таш-топурактуу кургандан турат. Көрүстөндөгү кургандардын негизги бөлүгү түндүк – түштүк багытына ылайыкташкан чынжыр сымал топторду түзөт, кээде бул багыттан көрүнүктүү деңгээлде ийри болуп кетет. Көрүстөндө мындай чынжыр сымал топтор кеминде 6ны түзөт, алардын арасында жана айланасында ирээтсиз жайгашкан бир катар таш-топурактуу кургандар бар. Курган­дар негизинен планда тегерек формада, диаметри 2,5–11 м, бийиктиги 0,5 мге чейин жетет. Көрүстөндүн планиографиялык өзгөчөлүктөрүнө, үймөлөрдүн формасына жана түзүлүш мүнөзүнө карата кургандар эрте темир дооруна даталанат.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес