Челпек II көрүстөнү

Идентификациялык код 123-123-12605
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Каракол
Айыл
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 16,29 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Челпек II көрүстөнүнүн аймагы шарттуу түрдө эки участоктон тургандыгын эске алуу менен, анын алдын ала коргоо аймагы жалпысынан 16,29 гектарды түзүп, четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук «жоюу алдында» изилденип бүткөнгө чейин көрүстөндүн коргоо аймагында кандай гана болбосун жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл. Көрүстөндүн бир бөлүгү учурдагы мусулмандардын көрүстөнүнүн ортосунда жайгашкан.
Техникалык абалы Көрүстөндүн аймагы айыл чарба жерлеринде жайгашкан. Кургандардын басымдуу көпчүлүгү ар кайсы мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издерин сактап калган. Кээ бир кургандардын үймөлөрү бөлөкчө бузулган. Көрүстөндүн чыгыш бөлүгү учурдагы мусулмандардын көрүстөнүнүн ортосунда жайгашкан.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Челпек II көрүстөнү орто жана чакан көлөмдөгү 17 топурак жана таш-топурактуу кургандан турат. Көрүстөндөгү кургандардын негизги бөлүгү түндүк – түштүк (көп учурда багыттан көрүнүктүү ийри) жана түндүк-батыш – түштүк-чыгыш багытына созулган чынжыр сымал топторго жайгашкан. Көрүстөндө мындай чынжыр сымал топтор кеминде 3тү түзөт, айрым учурда алардын жанында чакан көлөмдөгү таш-топурактуу кургандар жайгашкан болушу мүмкүн.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес