Эшме II көрүстөнү

Идентификациялык код 123-123-12615
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Тоң району
Айыл Б.Мамбетов айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 3,74 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Эшме II көрүстөнүнүн алдын ала коргоо аймагы 3,74 гектарды түзүп, четки кургандардан 80 метр радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук иликтенгенге чейин көрүстөндүн коргоо аймагында ар кандай жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөндүн аймагы айыл чарба жерлеринде жайгашкан. Кургандарынын абсолюттук көпчүлүгү бир нече жолу жана ар башка мезгилде жүргүзүлгөн каракчылык казуулардан калган издерди сактап турат.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Эшме II көрүстөнү 16 чакан таш жана таш-жер кургандан турат. Алардын жайгашуусу көрүстөндүн аймагында жалпы алганда системалуу эмес. Кургандардын негизги бөлүгү көрүстөндүн борбордук жана батыш бөлүгүндө жайгашып, эрте темир дооруна таандык деп эсептелет. Алардын план боюнча чөйрөлүү таш-жер дөбөлөрү бар, кесим боюнча жарым тегерек полусфералык же тегизделген формада, диаметри 4–10 м, бийиктиги 0,4 мге чейин.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес