| Идентификациялык код | 123-123-12616 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Ысык-Көл |
| Район/шаар | Тоң району |
| Айыл | Б.Мамбетов айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 5 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Эшме I көрүстөнүнүн алдын ала коргоо аймагы 5 гектарды түзүп, четки кургандардан 80 метр радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук иликтенгенге чейин көрүстөндүн коргоо аймагында ар кандай жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл. |
| Техникалык абалы | Көрүстөндүн аймагы айыл чарба жерлеринде жайгашкан. Кургандарынын абсолюттук көпчүлүгү бир нече жолу жана ар башка мезгилде жүргүзүлгөн каракчылык казуулардан калган издерди сактап турат. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Эшме I көрүстөнү 5 чакан таш-жер кургандан турат. Кургандардын негизги бөлүгү шарттуу түрдө түштүк-батыш – түндүк-чыгыш багыты боюнча жайгашкан, кээ бир жерлерде бул багыттан айкынча айлануулар бар. Кургандар негизинен план боюнча чөйрөлүү формада, кесим боюнча жарым тегиз полусфералык, диаметри 8–14 м, бийиктиги 0,4 мге чейин. Көрүстөндүн планиграфиялык өзгөчөлүктөрү, дөбөнүн формасы жана табигатына таянсак, кургандар эрте темир дооруна таандык деп даталанат. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |