Чок-Камыш көрүстөнү

Идентификациялык код 123-123-12617
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Тоң району
Айыл Күн-Чыгыш айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 5,47 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Чок-Камыш көрүстөнү шарттуу түрдө эки участоктон турганын эске алганда, анын алдын ала коргоо аймагы жалпы 5,47 гектарды түзүп, четки кургандардан 100 метр радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук иликтенгенге чейин көрүстөндүн коргоо аймагында ар кандай жер казуу иштерине тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөндөр жайыт жерлеринде жайгашкан. Алардын басымдуу бөлүгүндө бир нече жолу, ар кайсы убакта талап-тоноочулуктун издери бар.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Чок-Камыш көрүстөнү 11 чакан таш жана таш-жер кургандан турат. Кургандардын негизги бөлүгү түштүк-батыш – түндүк-чыгыш багыты боюнча түзүлгөн катарларга топтолгон, алардын жанында окшош көрүнүштөгү жеке кургандар жайгашкан. Жалпысынан көрүстөндө 3 мындай топ-катар катталган. Кургандар негизинен план боюнча чөйрөлүү формада, кесим боюнча жарым тегиз полусфералык жана тегиз, диаметри 3–13 м, бийиктиги 0,5 мге чейин. Көрүстөндүн планиграфиялык өзгөчөлүктөрүнө, дөбөлөрдүн формасы жана табигатына таянсак, кургандар эрте темир дооруна таандык деп даталанат.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес