Тогуз-Булак I мазары

Идентификациялык код 123-123-12624
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Тоң району
Айыл Ак-Терек
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 16,1 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Тогуз-Булак I мазарынын алдын ала коргоо аймагы 16,1 га түзөт жана акыркы кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо аймактарын иштеп чыгуу жана бекитүүгө чейин же кургандарды толук изилдеп бүтүүгө чейин мазардын коргоо аймагында бардык жер казуу иштерине тыюу салынат.
Техникалык абалы Мазар аймагынын бир бөлүгү айыл чарба, бир бөлүгү жайыт жерлеринде жайгашкан. Кургандардын басымдуу бөлүгү бир нече жолу жана ар башка убакта жүргүзүлгөн тоноочулук казуулардын белгилерин сактайт.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Тогуз-Булак I мазары негизинен чакан көлөмдөгү 20 таш-жер кургандардан турат, алардын ичинде орточо көлөмдөгү бир курган да бар. Мазардын негизги бөлүгүндөгү кургандар түндүк–түштүк багыты боюнча, кээде бул багыттан байкаларлык четтөө менен, чынжыр болуп тизилген.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес