Корумду II көрүстөнү

Идентификациялык код 123-123-12638
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Тоң району
Айыл Ак-Терек айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 62 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Корумду II көрүстөнүнүн аймагы үч участоктон турганын эске алуу менен, анын алдын ала коргоо аймагы жалпысынан 62 гектарды түзөт жана четки кургандардан 80 м радиуста жайгашкан аймакты камтыйт.Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук «бузууга чейин» иликтенип бүтмөйүнчө, көрүстөндүн коргоо аймагында кандай гана болбосун жер иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөн жайыт жерлерде жайгашкан. Алардын дээрлик бардыгында ар кайсы мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери байкалат.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Корумду II көрүстөнү негизинен чакан жана орто өлчөмдөгү 79 таш-топурактан тургузулган кургандардан турат, ошондой эле жалгыз чоң кургандар да бар. Көрүстөндөгү кургандардын басымдуу бөлүгү түндүк–түштүк багыты боюнча созулган, айрым учурда бул огунан бир аз четтеген чынжыр сымал топторго топтолгон. Көрүстөндө ушундай кеминде 8 топ-чынжыр бар, алардын ичинде жана айланасында андан да майда таш жана таш-топурак кургандар жайгашкан. Көп учурда чоң жана орто кургандарды алардын периметри боюнча жайгашкан тегерек таш тизиндилери коштоп турат. Курган дөбөлөрү негизинен планда тегерек формада, профилде жапыз жарым шар сымал болуп, диаметри 3төн 36 метрге чейин, бийиктиги 0,2ден 3 метрге чейин жетет.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес