Корумду I көрүстөнү

Идентификациялык код 123-123-12639
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Тоң району
Айыл Ак-Терек айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 133 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Корумду I көрүстөнүнүн алдын ала коргоо аймагы 133 гектарды түзөт жана четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт.Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук «бузууга чейин» изилденип бүткөнгө чейин, көрүстөндүн коргоо аймагында кандай гана болбосун жер иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөн жайыт жерлерде жайгашкан. Алардын дээрлик бардыгында ар кайсы мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери бар.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Корумду I көрүстөнү негизинен чакан жана орто өлчөмдөгү 142 таш-топурак кургандардан турат, бирок жалгыз чоң кургандар да кездешет. Көрүстөндөгү кургандардын басымдуу бөлүгү бир аз четтөө менен түндүк–түштүк багыты боюнча багытталган чынжыр сымал топторго тизилген. Көрүстөндө ар кандай узундуктагы ушундай 19га чейин топ-чынжыр бар, алардын ичинде жана айланасында майда таш-топурак кургандар жайгашкан. Көп учурда чоң жана орто кургандарды алардын периметри боюнча жайгашкан тегерек таш тизиндилери жана майда кургандар коштоп турат. Жалпысынан көрүстөндөгү кургандар планда тегерек формадагы дөбөлөргө ээ болуп, профилде жапыз жарым шар сымал же жапыз формада, диаметри 3төн 32 метрге чейин, бийиктиги 0,2ден 3 метрге чейин жетет.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес