| Идентификациялык код | 123-123-12640 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Ысык-Көл |
| Район/шаар | Тоң району |
| Айыл | Ак-Терек айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 20,8 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Кароол-Дөбө көрүстөнүнүн алдын ала коргоо аймагы 20,8 гектарды түзөт жана четки кургандардан 35–100 м радиустагы аймакты камтыйт.Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук «бузууга чейин» изилденип бүткөнгө чейин, көрүстөндүн коргоо аймагында кандай гана болбосун жер иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу зарыл. |
| Техникалык абалы | Көрүстөндүн аймагы жайыт жерлерде жайгашкан. Кургандардын көпчүлүгүндө байыркы мезгилде жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери сакталган. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Кароол-Дөбө көрүстөнү болжол менен 90 таш-топурак кургандардан турат. Кургандардын жайгашуусунда белгилүү бир система байкалбайт. Көрүстөндүн түштүк-батыш бөлүгүндө алардын эң тыгыз топтолгон жери катталат, тартиптүү жайгашуусу жок болсо да, жалпы жонунан түндүк–түштүк багыты боюнча созулуп жатат.Көрүстөндүн түндүк-батыш четинде диаметри 36 м жана 46 м болгон эки чоң курган жайгашкан. Диаметри 46 м болгон курган планда чарчыга жакын формада болуп, дөбөнүн негизин тайыз аң курчап турат. Диаметри 36 м болгон курган, башка катардагы кургандар сыяктуу эле, планда тегерек формада. Катардагы кургандардын диаметри 2 мден 15 мге чейин өзгөрөт. Алардын айрымдары жапыз болуп, кээ бирлери азыркы жер бетинде анча байкалбайт. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |