Кара-Шаар III көрүстөнү

Идентификациялык код 123-123-12641
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Тоң району
Айыл Улахол айылдык аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 24,16 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Кара-Шаар III көрүстөнүнүн алдын ала коргоо аймагы 24,16 гектарды түзөт жана четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт.Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толук «бузууга чейин» изилденип бүткөнгө чейин, көрүстөндүн коргоо аймагында кандай гана болбосун жер иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу зарыл.
Техникалык абалы Көрүстөн айыл чарба багытындагы жерлерде жайгашкан. Көрүстөндүн аймагында турак үйлөр курулган. Алардын көпчүлүгүндө байыркы мезгилде жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери сакталган.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Кара-Шаар III көрүстөнү 38 таш-топурак кургандан турат. Планиграфиялык жактан ал бир нече түндүк–түштүк багыты боюнча созулган чынжыр сымал топторго бөлүнөт. Эң чоң чынжыр 12 кургандан, эң кичинекейи 3 кургандан турат. Кургандар топурак менен чакан таш жана таш трошок кошулган. Планда алар тегерек формада болуп, диаметри 7–18 м, бийиктиги 3 мге чейин жетет. Кургандардын профили усеченно-конус же жапыз жарым шар формасында. Дээрлик бардык кургандардын борборунда тереңдик – байыркы мезгилде жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын изи. Көрүстөндүн планиграфиялык өзгөчөлүктөрү, кургандардын форма жана насып мүнөзүн эске алуу менен, алар эрте темир дооруна таандык деп даталанат.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес