| Идентификациялык код | 123-123-12642 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Ысык-Көл |
| Район/шаар | Тоң району |
| Айыл | Улахол айылдык аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 44,55 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Кургандардын таркаган жайгашуусу эске алынып, алар эки өзүнчө топко бөлүнгөн, ар бирине алдын ала коргоо аймагы түзүлгөн, жалпы аянты 44,55 гектарды түзөт. Ал четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт.Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же комплекстеги объекттер толук «бузууга чейин» изилденип бүткөнгө чейин, көрүстөндүн коргоо аймагында кандай гана болбосун жер иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу зарыл. |
| Техникалык абалы | Көрүстөндүн аймагы бөлөкчө жайыт жерлерде, бөлөкчө айыл чарба багытындагы жерлерде жайгашкан. Алардын көпчүлүгүндө байыркы мезгилде жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардын издери сакталган. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Кара-Шаар II көрүстөнү 24 таш-топурак кургандан турат. Планиграфиялык жактан ал бир нече топторго бөлүнөт, алардын экөөсү түндүк–түштүк багыты боюнча түзүлгөн чынжырларды түзөт: бири 6 кургандан, экинчиси 7 кургандан турат. Түндүк чынжырга жанынан 2 жана 3 кургандын топтору кошулат. Мындан тышкары, 80–110 м аралыкта чыгыш жана батыш тараптарында тиешелүүлөрү боюнча 2 жана 1 курган катталган. Акыркы чынжырдан 350–400 м түндүк-батышта дагы кургандар жайгашкан. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |