Калкагар II көрүстөнү

Идентификациялык код 123-123-12658
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Тоң району
Айыл Ак-Терек айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 15,42 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Калкагар II көрүстөнүнүн алдын ала коргоо аймагы 15,42 га түзөт жана эң четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин же кургандар толугу менен «снос үчүн» изилденгенге чейин, көрүстөндүн коргоо аймагында ар кандай жер иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
Техникалык абалы Көрүстөн жарым-жартылай жайыт жерлеринде, жарым-жартылай айыл чарба жерлеринде жайгашкан. Алардын дээрлик басымдуу бөлүгүндө ар кандай мезгилдерде бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноо максатындагы казуулардың издери бар.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Калкагар II көрүстөнү 13 даана кичине жана орто көлөмдөгү таш-топурактан тургузулган кургандардан турат. Көрүстөндөгү кургандардын көпчүлүгү түндүк–түштүк жана түштүк-батыш–түндүк-чыгыш багыттары боюнча чынжыр сыяктуу топтолуп жайгашкан, кээде бул багыттан анча чоң эмес четтөөлөр байкалат. Көрүстөндө ушундай төрт топ-чынжыр эсептелет, алардын жанында же бир аз аралыкта өзүнчө жайгашкан кургандар бар. Кургандар негизинен планда тегерек формада, кесиндиде жалпак жарым шар сымал болуп, диаметри 6дан 22 метрге чейин, бийиктиги 1,5 метрге чейин жетет.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес