| Идентификациялык код | 123-123-12659 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Ысык-Көл |
| Район/шаар | Тоң району |
| Айыл | Кун-чыгыш айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Коло доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 40,3 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Кайнар көрүстөнүнүн алдын ала коргоо аймагы 40,3 га түзөт жана эң четки кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин көрүстөндүн коргоо аймагында ар кандай жер иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу зарыл. |
| Техникалык абалы | Көрүстөндүн аймагы жайыт жерлеринде жайгашкан. Алардын абсолюттук көпчүлүгүндө ар кайсы мезгилдерде жана бир нече жолу жүргүзүлгөн талап-тоноочулук казуулардынын издери бар. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Кайнар көрүстөнү ар түрдүү типтеги 91 сөөк коюу жана эскерүү объекттеринен турат. Көрүстөндүн түштүк бөлүгүндө башка типтеги кургандардын арасында тегерек жана төрт бурчтукка жакын жалпак таш төшөлмөлөрү чачыранды жайгашкан. Айрым учурларда алар бири-бирине кошулуп, комплекстерди түзөт. Төрт бурчтукка жакын төшөлмөлөрдүн өлчөмү 1,3 х 1,5 мге чейин, ал эми тегерек төшөлмөлөрдүн диаметри 2 мге чейин жетет.Кичи көлөмдөгү таш-топурак кургандардын кыйла бөлүгү планда тегерек, профилде жапыз жарым шар сымал үймө түрүндө болуп, түндүк – түштүк багыты боюнча (көп учурда бул огунан кыйла четтөө менен) жана түштүк-батыш – түндүк-чыгыш багытында топ-чынжыр болуп тизилген. Алардын диаметри 4,5 мден 16 мге чейин, бийиктиги 0,5 мге чейин жетет. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |