Кажы-Саз VI көрүстөнү

Идентификациялык код 123-123-12662
Типологиялык тиешелүүлүгү Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер
Статус Жергиликтүү маанидеги
Область Ысык-Көл
Район/шаар Тоң району
Айыл Кун-Чыгыш айыл аймагы
Көчө
Датировка (хронологиялык мезгилдер) Алгачкы темир доору
Менчик формасы Аныкталган эмес
Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат аныкталган эмес
Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат
Өлчөмү
Участоктун жалпы аянты 6,75 га
Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары Кажы-Саз VI көмөчтүн алдын ала коргоо аймагы 6,75 га түзөт жана акыркы кургандардан 80 м радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарын иштеп чыгып бекитүүчү долбоор даярдалганга же кургандар толук изилденгенге чейин, көмөчтүн коргоо аймагында бардык жер казуу иштерине тыюу салынууга тийиш.
Техникалык абалы Көмөчтүн аймагы жайыт жеринде жайгашкан. Алардын дээрлик баары бир нече ирет жана ар башка мезгилдерде жасалган талаа уурулук казуулардын издерин сактайт.
Изилденүү деңгээли
Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат
Паспорт маалыматы
Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат
Кошумча маалымат Кажы-Саз VI көмөчү болжол менен 20 чакты кичине таш жана таш-абыз кургандардын топтон турат. Көмөчтүн негизин түштүк-батыштан түндүк-чыгышка узун жайгашкан таш-абыз жана таш кургандар чынжыры түзөт. Бул чынжырдагы кургандардын чатырлары тегерек формада, профили боюна жалпак- жарым шары формасында, диаметри 6дан 12 мге чейин, бийиктиги 0,3–0,4 мге жетет. Бул чынжырдын ичинде жана айланасында системасыз түрдө кичине таш жана таш-абыз кургандар жайгашкан.
Жоголгондугу жөнүндө маалымат Жоголгон эмес