| Идентификациялык код | 123-123-12414 |
| Типологиялык тиешелүүлүгү | Археологиялык эстеликтер → Көмүлгөн жерлер, мемориалдык комплекстер |
| Статус | Жергиликтүү маанидеги |
| Область | Талас |
| Район/шаар | Талас району |
| Айыл | Беш-Таш айыл аймагы |
| Көчө | |
| Датировка (хронологиялык мезгилдер) | Алгачкы темир доору |
| Менчик формасы | Аныкталган эмес |
| Ээси/баланс кармоочу жөнүндө маалымат | аныкталган эмес |
| Колдонуучу/ижарачы тууралуу маалымат | |
| Өлчөмү | |
| Участоктун жалпы аянты | 140 га |
| Аймактын чек аралары жана коргоо зоналары | Комплекс бири-биринен белгилүү аралыкта жайгашкан 11 шарттуу топко бөлүнгөн. Ар бир топтун айланасында алдын ала коргоо зонасы белгиленген. Жалпы аянты 140 гектарды түзүп, перифериялык объектилерден 80–100 метр радиустагы аймакты камтыйт. Коргоо зоналарынын долбоору иштелип чыгып, бекитилгенге чейин комплекстин коргоо аймагында кандай болбосун жер казуу иштерине тыюу салынышы керек. |
| Техникалык абалы | Комплекс жайыт жеринде жайгашкан. Айрым дөбөлөрдө илгерки заманда жасалган каракчылык казуулардын издери бар. |
| Изилденүү деңгээли | |
| Корутунду/макулдашуу жөнүндө маалымат | |
| Паспорт маалыматы | |
| Мамлекеттик акт жөнүндө маалымат | |
| Кошумча маалымат | Жерге-Тал археологиялык комплекси ар кайсы доорлорго таандык көрүстөн дөңсөөлөрүнөн (кургандардан) жана конуштардан турат. Жалпысынан 120га жакын курган катталган. Алардын жайгашуусунда бирдиктүү, так система жок. Бирок кургандар бири-биринен обочолонгон, тегиз эмес топторду түзүп, алардын көпчүлүгү меридиан багытында созулган чынжыр сымал тизилген. Курган төбөлөрү негизинен таш-топурактан үйүлгөн, планында тегерекке жакын формада болуп, диаметри 2 метрден 17 метрге чейин жетет. Айрымдары таза топурактан тургузулган, көбүнчө ири өлчөмдө кездешет. Кээ бир таш-топурак кургандардын түбүндө бир катар таштан тизилген шакек байкалат. Диаметри 4–5 метрден 17 метрге чейинки, чынжыр болуп жайгашкан жана түбүндө таш шакеги бар же жок кургандар эрте темир дооруна таандык. Ушундай эле же андан кичине өлчөмдөгү, бирок жогорудагы белгилери жок кургандар Орто кылымдар дооруна таандык болушу мүмкүн. |
| Жоголгондугу жөнүндө маалымат | Жоголгон эмес |